Бишкек шаарынын мурдагы мэри Азиз Суракматов коррупция жана мыйзамсыз баюу фактысы боюнча кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады. Эске салсак, экс-мэр 26-майда суракка чакырылып, андан кийин камалганы айтылган.

УКМК Бишкек шаарынын мэриясында жана анын түзүмдүк бөлүмдөрүндө кылмыштарды аныктоо жана бөгөт коюу боюнча иш-чара жүргүзгөн. Натыйжада айрым курулуш компанияларынын өкүлдөрүнө элиталык көп кабаттуу турак үйлөрдү куруу үчүн муниципалдык жер тилкелери берилгендиги боюнча коррупциялык жана мыйзамсыз баюу фактылары аныкталганы айтылды.

“Азиз Суракматов мэр болуп турганда кызматтык абалынан пайдаланып муниципалдык кызматтын кызыкчылыгына каршы иш алып барып, мэриянын айрым кызмат адамдары жана ири курулуш компанияларынын өкүлдөрү менен коммерциялык имараттарды жана көп кабаттуу турак жайларды курууга муниципалдык жер тилкелерин алуу үчүн туруктуу коррупциялык схема түзүшкөн”, – деп жазылат маалыматта.

Мындан сырткары, мурдагы мэр кызмат абалынан пайдаланып муниципалдык ишканалардын жана курулушту көзөмөлдөөчү органдардын жооптуу кызматкерлерине кысым көрсөтүү менен көп кабаттуу объектилерди курууга уруксат берген.

“Коррупциялык схеманын натыйжасында Суракматовдун активдери жана анын жакын туугандарынын кирешелери кескин көбөйүп, болжол менен 50 миллион АКШ долларына бааланган”, – деп айтылат УКМКнын маалыматында. Буга байланыштуу экс-мэр УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.