Сумаянын өлүмүнө шектүү жаранга соттук-психикалык экспертиза дайындалганын Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынан 24-декабрда кабарлашты.

“Тергөөнүн жүрүшүндө шектүү Жалал-Абад облустук ооруканасынын психоневрология бөлүмүндө жин оорусу менен стационардык тартипте дарыланганы аныкталды”, – деп айтылат милиция тараткан маалыматта.

Жазык-процесстик кодексинин «Экспертиза жүргүзүү үчүн адамдарды медициналык мекемеге жаткыруу» беренесинин негизинде шектүүгө карата 23-декабрда соттук-психикалык экспертиза дайындалып, аны ыкчам өткөрүү жагы Таш-Көмүр шаарына караштуу Кызыл-Жар-12 шаарчасында жайгашкан психикалык оорукананын эксперттерине тапшырылган.

Ички иштер министрлиги ноябрь айында дээрлик он күндөй дайынсыз болуп, кийин сөөгү табылган тогуз жаштагы Сумая Хосилжанованы өлтүрүүгө шек саналып 48 жаштагы жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилгенин 23-декабрда билдирген.

Милиция тараткан маалыматта сурак учурунда шектүү күнөөсүн моюнуна алып, Сумаяны мектепке бара жатканда азгырып үйүнө ээрчитип кеткенин, үч-төрт күн жер төлөдө колу-бутун скотч менен байлап кармагандыгын, денеси муздап, каза болуп калгандан кийин сөөктү суунун жээгине таштап салганын жарыялаган.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.