Учурда коомчулукта  Баткен облусунун чек арасында болуп өткөн чыр талкуу жаратууда. Ал жердеги чырдын келип чыгуу себептери тууралуу Баткен облусунун мурдагы губернатору Султанбай Айжигитов “Марал” радиосуна берген маегинде ой бөлүштү.

Султанбай Айжигитов: “Баткен облусундагы бул жагдайлар СССР убагынан бери келе жатат. Андан бери канча убакыт өттү, баарын жолго салса болот эле.  Ал көйгөйлөр: жол, суу, жайлоо. Анан чек аранын азыркы күнгө чейин  чечилбегендиги. Тоо жакта чек аралар чечилген, ал жакта көйгөй жок. Түз жерлерде талаш болуп жатат.

Кыргызстандыктар жайлоого барыш үчүн Ворух аттуу коңшулардын айылдарын аралап өтөт. СССР учурунда эле малдарды тажиктер короолоруна киргизип алчу. Азыр деле ал көрүнүш бар.

Убактылуу чек араны кылыш керек. Минскиде СССР учурундагы чек араларды таануу боюнча чечим кабыл алынган.  Ошол чечимди таануу керек. Ансыз тигилер бул жакка, биздикилер тигил жакка өтүп иш кыла беришет. Тажиктерде жер аз, эл көбөйүп жатат. Алар талаш жерлерге жылып, он жылдан кийин алардыкы болуп калып жатат.

Аксай айыл өкмөтүндө чек ара маселеси абдан татаал. Азыр ал жерди эл гана кармап турат. Башка ал жакты кармай турган күч жок. Аксай айыл өкмөтүнүн калкынын абалын жакшыртуу боюнча беш жылдык план түзгөнбүз. Ал иш азыр аткарылбай тийешелүү министрликте жатат.

Ошол жерде элдер канча жылдап жашаса да үйлөрдүн документи жок. Р. Отунбаеванын учурунда бул ишти жолго салып баштаганбыз. Элди жер салыгынан бошотуш керек.  Пайызы жок кредиттерди берүү зарыл”,-деди.

Эгерде сайттан катачылык тапсаңыз, текстти тандап, Ctrl+Enter баскычтарын басып, бизге жөнөтүнүз