Орусиянын Санкт-Петербург шаарында Мамлекеттик химия-фармацевтикалык университеттин проректору кармалды. Анын үстүнөн  “Шалаакылык” жана “Пара алуу” беренеси боюнча иш козголгон. Бул туурасында орусиялык басыламалар жазууда.

Маалым болгондой, үстүбүздөгү жылдын 5-февралында университеттин чатырынан муз түшүп, 5-курстун студенти каза болгон. Ал өзбекстандын жараны экени айтылган.

Тергөөчүлөр чатырдын тазалыгына окуу жайдын чарбасын тейлеген проректорду жооптуу деп эсептешкен. Аны менен бирге ага 50 миң рубль пара алды деген айып тагылганы кабарланды.

Эгерде сайттан катачылык тапсаңыз, текстти тандап, Ctrl+Enter баскычтарын басып, бизге жөнөтүнүз