Стамбулда уранды алдында калган бир үй-бүлөнүн 9 мүчөсү жерге берилди
newtv.kg - 18:18, 11.02.2019206
Түркиянын Стамбул шаарында ураган 8 кабаттуу үйдүн алдынан бир үй-бүлөнүн 9 мүчөсүнүн денеси табылып, жерге берилди. Бул тууралуу түрк басылмалары жазууда.
Маалым болгондой, акыркы сапарга узатуу зыйнатына президент Режеп Тайып Эрдоган да катышкан.
Эске салсак, 6-февраль күнү Стамбулдун Картал районунда 8 кабаттуу үй урап түшүп, жашоочуларды басып калган. Аталган көп кабаттуу үйдө 43 адам жашачу.
If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.