Ички дүң продукт (ИДП) алдын-ала баалоо боюнча 2019-жылдын  январында өткөн жылдын январына салыштырмалуу 6,4 пайызга өсүп, 30,2 млрд. сомду түздү. «Кумтөр» кен казуу ишканаларын эсепке албаганда, ИДПнын көлөмү 26,8 млрд. сом өлчөмүндө болуп, өткөн жылдын январына салыштырмалуу 1,9 пайызга жогорулады. Мындай маалыматты Улуттук статистика комитети билдирди.

ИДПнын өсүшү негизинен айыл чарба, өнөр жай, курулуш тармактары жана кызмат көрсөтүү чөйрөлөрү тарабынан камсыздалды. Муну менен бирге товар өндүрүү тармактарынын өсүү темпи  өткөн жылдын январына салыштырмалуу  – 113,2 пайызды (2018-ж. январында – 103,4 пайыз), ал эми кызмат көрсөтүү тармактары – 101,1 пайызды (2018-ж. январында – 101,6 пайыз) түздү.

2018-жылдын январына салыштырганда ИДПнын түзүмүндөгү товар өндүрүү тармактарынын үлүшү 0,6 пайыздык  өсүп, 36,4 пайызды түздү, ошол эле убакта кызмат көрсөтүүчү тармактардын үлүшү тескерисинче 0,1 пайыздык  азайып, 45,1 пайызды түздү.

Эгерде сайттан катачылык тапсаңыз, текстти тандап, Ctrl+Enter баскычтарын басып, бизге жөнөтүнүз