Ош шаарында окуучуну бычактап өлтүрүүгө шек саналган 17 жаштагы өспүрүм жана окуя болгон учурда анын жанында болгон эки шериги кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди. Милициянын маалыматында, шектүү кармалган учурда жанында кастет болгон. Шектүү күнөөсүн моюнуна алып, бул оор кылмышка жабыр тарткан балдар менен айтыша кеткени үчүн барганын айткан. Каршылашын жанында салып жүргөн бүктөмө бычагы менен сайып жиберген.

Кечээ, 11-февралда түш чендерде экинчи борбор калаадагы өспүрүмдөрдүн мушташында Оштогу Нариман мектебинин 9-классынын окуучусу бычактан оор жараат алган. Ал ооруканага жеткирилип, операция жасалгыча кансырап каза тапкан. Анын жанында жүргөн Юридикалык коллеждин студенти да жабыр тартып, жандандыруу бөлүмүнө түшкөн.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.