Чүй облусунун Жайыл районундагы жол кырсыгынан ага-инилер каза болду. Бул туурасында облустук милициядан билдирди.

Маалыматка ылайык, каргашалуу окуя кечээ, 10-сентябрда болгон. Полтавка-Орто-Суу жолунда “Ниссан Сефиро” үлгүсүндөгү унаа жол жээгиндеги даракты сүзүп токтогон. Унаада жашы жете элек 11-класстын эки окуучусу жана 1-класста окуган бала бараткан.

Алдын ала маалымат боюнча, Орто-Суудагы жашаган эки өспүрүм таякеси менен чогуу Ново-Николаевкадагы мектепте окуган инисин үйгө алып келе жаткан. Полтавкага жеткенде унааны айдап бараткан киши ачкычты жээнине берет да, өзү башка иштери менен кетет. Шагыл жолдо баратканда 17 жаштагы айдоочу рулду башкара албай, даракты сузгөн. Айдоочу-өспүрүм жана анын 1-класста окуган иниси ошол жерде мүрт кетти. Унаадагы дагы бир өспүрүм оор абалда реанимацияда.

Күбөлөрдүн айтымында, дарактан бир жеринен эле кабыгы түшкөн, а автоунаа металлга айланып калды.

Маркум — рулда бараткан 17 жаштагы К.Т. Бишкектин тургуну. Апасы чет жакка акча тапканы кетип, Орто-Суудагы таянесиникине жакында эле көчүп барган.

Чүй ОИИБ маалыматты ырастады. Кырсык күндүзгү саат 12 чамасында болгон.

Кырсык боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалды.

Эгерде сайттан катачылык тапсаңыз, текстти тандап, Ctrl+Enter баскычтарын басып, бизге жөнөтүнүз