Президент Садыр Жапаров советтик аскерлердин Ооганстандан чыгарылган күнүнө байланыштуу кайрылуу жолдоп, ардагерлердин бүгүн да мекенге кызмат кылып жатканын белгиледи. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты. Жапаров кайрылуусунда жоокерлер согушуп эле тим болбостон, Ооганстанды азык-түлүк, медициналык каражаттар менен камсыздашып, социалдык объектилерди курганына да токтолгон.

“Ооганчы жоокерлер бүгүн дагы өзүнүн жарандык милдеттерин ар-намыстуулук менен аткарып, өлкөбүздүн ардагердик кыймылынын өнүгүшүнө салымдарын кошуп келишет. Алар өздөрүнүн куралдаш жолдошторуна жардам көрсөтүү боюнча алгылыктуу иштерди алып барышып, Мекенди коргоочулардын жаш муунун даярдап жатышат”, – деп айтылган мамлекет башчынын кайрылуусунда.

Президент бардык ооган согушунун ардагерлерине ден соолук, бакубат турмуш жана ийгиликтерди каалады. Эске салсак, бүгүн совет аскерлери Ооганстандан чыгарылып, өз мекенине кайтканына 32 жыл толду. Ооган согушуна жети миңден ашык кыргызстандык жоокер катышкан. Алардын ичинен 233 адам курман болуп, 1500 киши ар кандай жаракат алган.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.