Башкы прокуратурасына түшкөн материалдардын негизинде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине  Соттук департаментинин ресурстар башкармалыгынын башчысы “А.А.” тарабынан ири өлчөмдөгү пара талап кылгандыгы катталды. УКМКнын маалымат кызматынын билдиргенине караганда, “А.А.” Соттук департаменттин кызматкерлери менен алдын ала сүйлөшүп алып, ЖЧК жетекчиси “С.Г.” райондук соттордун биринин административдук имаратын капиталдык ремонт кылуудагы тендерде утуу маселесин оңунан чечип берүү үчүн 3 млн. сом өлчөмүндө пара алган.

2019-жылы 11-декабрында ыкчам-тергөө иштеринин жүрүшүндө “А.А.” УКМК Тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Азыркы убакта сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатат.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.