Кыргызстанда абакта отурган 230 адам мунапыс боюнча бошонуп чыкты. Бул тууралуу Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы кабарлады. Мекеменин маалыматына караганда, 230 адамды абактан бошотуу жана 38 адамдын жаза мөөнөтүн кыскартуу тууралуу жарлыкка премьер-министрлик кызматты убактылуу тапшырган Садыр Жапаров президенттин милдетин аткарып турганда кол койгон. Жалпысынан ЖАМК президентке караштуу Мунапыс маселелери боюнча катчылыкка 1800дөн ашуун адамга мунапыс берүү тууралуу өтүнүч жөнөткөн. Азыркы тапта аларды кароо уланууда.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.