Бишкек шаарында 84 социалдык жумушчуга инвентарь жана жаңы форма, бут кийим берилди. Бул тууралуу мэриядан билдирди.

Кызматкерлер мезгилге жараша кийилчү куртка,бут кийим, кол кап, мээлей, сумка, сүлгү, ысык тамак жеткирүүчү идиш, сфигмоманометр (кан басым өлчөөчү жабдуу) жана аптечка менен камсыз болушту.

Алардын милдеттерине муктаждарга тамак-аш, дары-дармек алып келип берүү жана доктур чакыруу кирет.

 

 

 

 

Эгерде сайттан катачылык тапсаңыз, текстти тандап, Ctrl+Enter баскычтарын басып, бизге жөнөтүнүз