Сот департаментинде мамлекеттик кызмат жөнүндө мыйзамдарынын аткарылышы боюнча текшерүү жүргүзүлүп, жыйынтыгында аталган департаменттин кызматкерлери тарабынан жогорку билим жөнүндө дипломдорду жасалмалоо жана колдонуу учурлары аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирди.

Сот департаментинин директорунун 2016-жылдын 1-сентябрындагы буйругу менен Г.Д. бөлүмдүн башкы адиси болуп дайындалып, ал азыркы убака чейин иштеп келет. Ошол эле мезгилде, жогоруда көрсөтүлгөн адам жогорку окуу жайлардын биринен академиялык магистр даражасы ыйгарылгандыгы жөнүндө дипломун көрсөткөн.

Бирок,  Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматтарына ылайык, көрсөтүлгөн диплом жасалма болуп чыккан.  Ушул эле сыяктуу учур 2016-2018 жылдары соттук отурумдун катчысы жана соттун жардамчысы болуп иштеп кеткен, Сот департаментинин бөлүмүнүн мурдагы башкы адиси Ч.А. бакалаврдын жасалма дипломун пайдалангандыгы аныкталган.

Башкы прокуратура тарабынан 2019-жылдын 11-апрелинде көрсөтүлгөн материалдар КЖБРге мындан ары сотко чейинки өндүрүштү жүргүзүү үчүн катталган.

Эгерде сайттан катачылык тапсаңыз, текстти тандап, Ctrl+Enter баскычтарын басып, бизге жөнөтүнүз