“Мугалимдерге, врачтарга айлыктарды көтөрөм деген убадам ырааты менен аткарылат. Врачтардын айлыктары көбөйтүлдү, эми кийинки кезек мугалимдерде”, – деди, Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн Чүй облусунун Сокулук районунун жашоочулары менен болгон жолугушуусунда. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Мамлекет башчысы кызматына киришкен күндөн тартып, президенттикке талапкер катары элге берген убадаларын аткаруунун үстүндө иштегенин белгиледи.

Сооронбай Жээнбеков: “Убадаларымдын негизгилери – региондорду өнүктүрүү, калкты таза суу менен камсыз кылуу, ирригация системасын жакшыртуу, коррупцияга каршы аёосуз күрөш жүргүзүү. Эл үчүн маанилүү дагы бир убадам бар, ал эсимде. Бул – мугалим, врачтардын айлыгын жогорулатуу. 2018-жылы бул багытта иштедик, калктын турмушун жакшыртуу үчүн зарыл базаны түздүк. 2018-жылдын 1-октябрынан баштап медиктердин айлыгын көтөрдүк. Азыркы этапта үй-бүлөлүк дарыгерлер жана эмчи айымдар, жалпы практикадагы дарыгерлер жана фельдшер-акушердик пункттардын орто медициналык персоналдарынын айлык акысы көбөйдү. Кийинки этапта стационардык медициналык тейлөө кызматкерлердин айлык акысы көтөрүлөт. Бул багытта Өкмөт Саламаттык сактоо министрлиги менен бирдикте иштеп жатат”, – деп айтты.

Ал белгилегендей, айлыктарды көтөрүү үчүн экономиканы жакшыртып, мамлекеттик бюджетке кол салгандарды тыйып, кирешени көбөйтүү керек.

Эгерде сайттан катачылык тапсаңыз, текстти тандап, Ctrl+Enter баскычтарын басып, бизге жөнөтүнүз