Солтон-Сарыда чыккан чыр ырбачудай болуп калды. Жергиликтүү эл бийликке талапты катуу койду. Жеринен алынган маалыматка караганда, учурда Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов, ички иштер министри (ИИМ) Кашкар Жунушалиев жана Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасы Мелис Турганбаев баштаган өкмөт мүчөлөрү Нарындын Солтон-Сары кенинде эл менен жолугушууга аракеттерди жасап жатат.

Тилекке каршы, эл аларды уга турган түрү байкалбайт. Алар кенди иштетип жаткан компаниянын кызматкерлеринин чыгып кетүүсүн жана техникаларды алып кетүүнү талап кылышууда.

Эске салсак, бир күн мурда  Солтон-Сары кенинде жергиликтүү тургундар менен кытайлык жумушчулар арасында жаңжал чыккан. Жаңжалдан улам  отуздан ашуун киши жаракат алганы кабарланууда.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.