Сокулук районунун  Манас айылында жайгашкан бут кийим чыгаруучу заводдун тушоо кесүү аземи болуп өттү.  Ага Жогорку Кеңештин “Өнүгүү – Прогресс” фракцисынын лидери Бакыт Төрөбаев баштаган бир топ депутаттар катышышты.

Бакыт Төрөбаев: “Кыргызстанда ачылган “Мариям”  жоопкерчилиги чектелген коомунда ата мекендик жайкы, кышкы үлгүдөгү бут кийимдер даярдалып, ички рынокту камсыздоодо. Андагы жумушчулар Түркиядан, Кытайдан келген чийки заттардан сапаттуу бут кийимдерди даярдайт.  Дизайны да кайталангыс өзгөчөлүккө ээ. Жагымсыз жыт – жыбыры да жок”,-деди.

Анын маалыматтарына караганда, “Өнүгүү – Прогресс” фракциясынын негизги иш пландарынын бири жумушчу орундарын ачууга көңүл буруу  болгондуктан,  бул багытта жакшы жылыштар жасалууда. Бул ишкана өндүрүшүн өркүндөтүүгө арналган 33 – долбоордун ишке ашырылыш.

“Кыргызсүт” долбоору иштелип жатат. Анын максаты,  айыл элине асыл турумдуу мал жандыктарын багууга жол көрсөтүү. Турмуш – тиричиликти жакшыртуунун айыл жергесиндеги абалы айыл чарбасына, анын ичинде мал чарбасына мүнөздүү.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.