Сокулук райондук ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматынын жетекчисинин орун басары кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети кабарлады. Билдирүүгө ылайык, аталган жаран опузалап пара талап кылууга шектелип кармалган.

Буга чейин жаран УКМКга кайрылып, сотко чейинки өндүрүштү токтотуу үчүн 50 миң сом талап кылган Сокулук районунун ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматынын жетекчилеринин бирине чара көрүүнү суранган.

“2020-жылы жол кыймылынын жана транспорт каражаттарын пайдалануу эрежелерин бузуу менен жаранга Сокулук районунун ички иштер башкармалыгы тарабынан сотко чейинки өндүрүш иши катталган. Жабырлануучу тарапка эч кандай дооматы жок деген каршы билдирүүсүнө карабастан, тергөө кызматынын кызматкери сотко чейинки өндүрүштү токтотуу үчүн пара талап кылган”, – деп жазылат билдирүүдө.

19-апрель күнү Сокулукта 20 миң сом пара алып жаткан жеринен милициянын лейтенанты кармалган. Ал УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, учурда ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.