Чүй облусу боюнча ЖКККБнын кызматкерлери Сокулук районундагы адам өлүмүнө алып келген жол кырсыгынын бетин ачышты. 

Бул тууралуу ИИМден билдиришти.  

2018-жылдын 12-апрель күнү болжол менен саат 16.50 чамасында Чүй облусунун Москва районунун Беловодск айылынын Комсомол жана Кыргызстанга 50 жыл көчөлөрүнүн кесилишинен, белгисиз айдоочу белгисиз унааны башкарып келе жатып, жөө жүргүнчү, үч жаштагы баланы сүзүп, окуя болгон жерден изин жашырып качып кеткен.

Жол кырсыгынын кесепетинен, 7 жаштагы Д.А., 4 жаштагы Г.Ш. жана 6 жаштагы Б.А. алган жаракаттарынан аймактык ооруканага жеткирилишкен. Бул жол кырсыгы Москва РИИБде катталып, бул факты боюнча Чүй облусу боюнча ЖКККБнын кызматкерлери тарабынан ыкчам-издөө иштери жүргүзүлүп, жакын жайгашкан видео-көзөмөл камераларын карап чыгып, болжол менен ошол маалда өткөн унааларды иликтөө менен “Мерседес” үлгүсүндөгү унааны аныкташкан.

Унааларды текшерүү менен күбөөлөрдү сурамжылоонун натыйжасында, Чүй облусунун 64 жаштагы К.Б. аттуу тургуну кармалып, суракка алган учурда, ал күнөөсүн толугу менен мойнуна алган. Ал эми, “Мерседес-Бенц” үлгүсүндөгү автоунаа Москва РИИБнин атайын токтотулуучу жайына киргизилип, айдоочу тергөө кызматынын тергөөчүсүнө өткөрүлүп берилди. Жол кырсыгы боюнча Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 28- беренесинин негизинде кылмыш иши козголуп, айдоочу камакка алынып, иликтөө иштери жүргүзүлө баштады.

 

Булак: NewTV

Эгерде сайттан катачылык тапсаңыз, текстти тандап, Ctrl+Enter баскычтарын басып, бизге жөнөтүнүз