Кыргызстанда 27-майга карата таажылуу вирус дагы 376 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришти. Ошол эле учурда бир сутка ичинде 386 адам илдеттен айыгып чыккан.

Мындан сырткары, сутка ичинде COVID-19дан Бишкек шаарында 3, Чүй облусунда 3, Ысык-Көл облусунда 1, Нарын облусунда 1 бейтап каза болду. Бүгүнкү күнү стационарларда вирустан 1 миң 614 бейтап, амбулатордук түрдө 2 миң 11 адам дарыланууда. Алардын ичинен 1108 бейтаптын абалы орто оордукта, 404 адамдын абалы оор жана 84 бейтап өтө оор абалда жатат.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 103 миң 583 адам таажылуу вирус жуктурган. Алардын ичинен 97 миң 151 киши айыгып чыкса, 1 миң 781 адам каза болду.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.