Контртеррористик иш-чаралардын жүрүшүндө Баткен облусунун тургуну «С.К.» аттуу Кыргыз Республикасынын жараны кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди.

Кармалган «С.К» КМШ өлкөлөрүнүн биринде эмгектенип жүрүп, социалдык тармактар аркылуу МТО эммисарларынын таасирине кабылып, алгачкы жоокердик даярдыктан өткөн.

ЭТУ башчыларына ант берип,Сириядагы ЭТУ бандиттик түзүлүштөргө кошулуу максатында «джихадга» катышып, андан нары Турция-Сирияга мыйзамсыз өтүүгө, башка өлкөлөрдүн ЭТУ жалданмачы тобунун катарында болуп,  андан нары Турцияга учууну пландаштырган.

Азыркы убакта УКМК органы тарабынан «С.К.» карата Кылмыш-жаза кодексинин 243-беренси (Кыргыз Республикасынын жаранынын чет өлкөлүк мамлекеттин аймагындагы куралдуу жаңжалдарга же согуш аракеттерине катышуусу же террордук даярдыктан өтүүсү) жана 395-беренсинде каралган кылмыш белгилери боюнча сотко чейинки өндүрүштүк иштери тергелүүдө.

Кармалган адам УКМК Убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө жүрүп жатат.

Эгерде сайттан катачылык тапсаңыз, текстти тандап, Ctrl+Enter баскычтарын басып, бизге жөнөтүнүз