2018-жылдын 14-октябрында УКМК тарабынан өткөрүлгөн контртеррористтик иш-чараларынын жыйынтыгында, Бишкек шаарынан Кыргыз Республикасынын жараны, 1990-жылы туулган эл аралык террористтик уюмдун (ЭТУ) мүчөсү О.У. кармалды. Аны текшерүү учурунда  А.Р. аттуу адамга тиешелүү, мурда Сирия согуш аракетинде катышып жүргөн ЭТУ согушкерине таандык  жасалма паспорт табылган. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди.

Кармалган адам Сирияда согушкерлеринин ЭТУ мүчөсү болуп, согушкерлерге ар кандай көмөк көрсөтүп, финансылык каржылоо менен алектенип, чет өлкөлөрдө жашыруун ячейкалардын катарында жүргөн. Алдын ала маалыматтар боюнча О.У. 100 миң АКШ долларын Сириядагы ЭТУ согушкерлерин каржылоо катарында жиберген.

О.У. карата УКМК тергөө органдары тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 226-1 беренеси (Террорчулук ишти финансылоо), 299-1 беренеси (Улуттук (этностор аралык), расалык, диний же регион аралык кастыкты козутууга багытталган уюшкан иш-аракет) жана 350-беренеси (Документтерди, мамлекеттик сыйлыктарды, штамптарды, мөөрлөрдү, бланктарды колго жасоо, даярдоо, сатуу же алардын жасалмаларын пайдалануу) боюнча кылмыш ишин козголду.

Кармалган адам КР УКМК тергөө камак жайына киргизилди. Учурда тергөө жүрүп жатат.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.