Кыргызстанда 168 чет элдик жаран “качкын” макамын алып, учурда бул жерде жашап жатышат. Мындай маалыматты Мамлекеттик миграция кызматынын Качкындар менен иштөө бөлүмүнүн башчысы Гүлайда Орозалиева билдирди. Айтымына караганда, качкындардын 87си Сириядан, 61и Ооганстандан, 15и Украинадан келген. Андан тышкары Каракалпакстандан үч жаран өтүнмө кат берген. Бүгүнкү күндө алардын арасынан расмий түрдө кыргызстандын жарандыгын алгандар да бар.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.