УКМК ИИМ менен биргеликте жалданма эл аралык террористтик уюмдун согушкерлеринин Кыргызстандын аймагына кирүүсүнө чара көрүү максатында жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын алкагында, эл аралык издөөдө жүргөн Ош облусунун тургуну, Кыргыз Республикасынын жараны «И.А.Ш.» кармалды. Бул тууралуу УКМКдан кабарлашты.

Кармалган адам 2015-жылы КМШ өлкөлөрүнүн бирине эмгектенүүгө кетип, ЭТУ эмиссарларынын көзөмөлүнө түшүп, Сирия Республикасынын өкмөтүнө каршы «джихадга»катышуу максатында Туркияга жана андан нары Сирияга кеткен. Согуштук даярдыктан өткөндөн кийин «И.А.Ш.» жалданмачылык катары куралдуу жаңжалдарга катышкан.

Бул окуя боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 375-беренеси (Жалданмачылык) менен кылмыш иши козголуп издөөгө берилген.

Азыркы убакта кармалган адам УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Комплекстүү ыкчам-тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Эгерде сайттан катачылык тапсаңыз, текстти тандап, Ctrl+Enter баскычтарын басып, бизге жөнөтүнүз