Бүгүн Жогорку Кеңештин депутаттары шайлоочулар менен жолугушуп келгенден кийин кайрадан ишин башташты. Жыйында бир топ саясий маселелер айтылды.

Депутат Алмамбет Шыкмаматов: “Биз кечээ №1 тергөө абагына барып, экс-баш прокурор Аида Салянова менен жолугуп келдик. Салянова ал жерде өзүнүн бир тууган инисин өлтүрүүнү уюштурган баш кесер менен бир жерде отуруптур. Мунун өзү Саляновага болгон моралдык-психологиялык басым. Экинчиден, баардык гумандуу мыйзамдарда экс-баш прокурорду эч  качан андай жерге кармабайт. Аны УКМКнын убактылуу кармоочу жайына алып  барыш керек болчу”,-деди.

Андан соң Жогорку Кеңештин төрагасына кайрылып,  тийиштүү органдарга тапшырма берип, Аида Салянованын укугун коргоого , мыйзамды калыбына келтирүүгө иш- аракеттерди жүргүзүүнү өтүндү.

Эгерде сайттан катачылык тапсаңыз, текстти тандап, Ctrl+Enter баскычтарын басып, бизге жөнөтүнүз