ШКУнун кеңири чөйрөдөгү жыйыны башталды. Жыйынга Кыргызстандан тышкары Индия, Казакстан, Кытай, Орусия, Өзбекстан, Пакистан, Тажикстан жана ШКУга байкоочу макамына ээ болгон Ооганстан, Беларус, Иран жана Монголиянын башчылары да катышууда.

Алгач президент Сооронбай Жээнбеков Казакстандын жаңы шайланган президенти  Жоомарт-Касым Токаевдин өлкөнүн президенти болуп шайланышы менен куттуктады.

Президент Сооронбай Жээнбеков ШКУга мүчө өлкөлөрдүн экономикалык – маданий кызматташтыктарына жана эл аралык коопсуздук маселелерине токтолууда.

Эгерде сайттан катачылык тапсаңыз, текстти тандап, Ctrl+Enter баскычтарын басып, бизге жөнөтүнүз