Кыргызстандык мушкер кыз Валентина Шевченко алты айга мушташтан четтетилди. Бул туурасында спорттук басылмалар жазууда.

Медициналык көрсөткүчтөрдөн улам Техас штатынынын лизенция берүү департаменти Шевченкого жарым жыл убакытка тыюу салган.

Белгилей кетсек, Валентина Шевченко 9-февралда АКШнын Хьюстон шаарында америкалык Кэтлин Чукагян менен беттешип, чемпиондук наамын сактап калган.

 

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.