Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин чоң кызы Саида Маалымат жана массалык коммуникация боюнча агенттиктин директорунун орун басарлыгына дайындалды. Бул туурасында өзбек басылмалары жазып чыкты.

Жаңы кызматка келген Саида Мирзиёева Өзбекстандын чет элдеги жагымдуу бейнесин калыптандыруу боюнча маселелерди башкарат.

Президенттин кичүү кызы Шахноза Мирзиёева Мектепке чейинки билим берүү министрлигине караштуу башкармалыктардын бирин жетектейт.

Эгерде сайттан катачылык тапсаңыз, текстти тандап, Ctrl+Enter баскычтарын басып, бизге жөнөтүнүз