– Шарабидин мырза, сиз 23-апрель күнү Жогорку Сотто С. Жапаровдун ишин караган сотторго ишенбөөчүлүк көрсөттүңүз. Эмне себептен? Шек санаган жүйөөңүздү түшүндүрсөңүз?

– Соттук отурумга төрагалык кылуучу Жогорку Соттун судьясы Лепес Темирбеков отурум башталганда эле мыйзамдын талаптарын, соттун процедураларын бузуп баштады. Биринчи соттун курамын тааныштырыш керек болчу. Соттун курамына ишенбөөчүлүк барбы же жокпу деген талаптырды сураш керек эле. Ал процесске катышкан адвокаттарды текшерип туруп эле, ишти “кандай өтүнүч, толуктооңор бар?” деп баштап кирди. Ишти кайсыл судьялар карап жатканын, кайсыл прокурор катышканын бизге тааныштырган да жок. Эгерде мыйзамды билбеген, процедураны өзү каалагандай алып барган сот адилеттүү чечим чыгарып бергенге жарайбы? Ушунун өзү чоң суроо. Мындан сырткары, Лепес Темирбеков Садыр Жапаров, Камчыбек Ташиев, Талант Мамытовдор соттолуп жаткан кезде дагы Жогорку Сотто баяндамачы судья болгон. Соттолуп жаткандардын эч кандай күнөөсү жок экенин далилдер көрсөтүп, Бишкек шаардык соту туура чечим чыгарган камалгандарды актоо өкүмүн бузуп, мыйзамдын талаптарын одоно түрдө тебелеп, бизди түшкө эс алууга да чыгарбай, өтүнүчтөрүбүздү карабай, өздөрү каалагандай калчап, мурунку бийликтин буйругун аткарган өкүм чыгарган. Мына ошол судья бул иш боюнча адилеттүү чечим чыгарат деп ким ишенет? Туура чечим чыгарган Бишкек шаардык сотунун судьялары Курманкул Зулушев менен Медет Сакиевдин үстүнөн жай аныктама чыгарып, алардын кызматтан бошошуна себепкер болду. Эл кимдин ким экенин билет экен. Курманкул Зулушевди Жогорку Кеңешке депутат кылып шайлап коюшту. Бүгүнкү күндө парламенттеги активдүү депутаттардын бири, көпчүлүк мыйзамдардын демилгечиси Зулушев болуп жатат. Ошондой акыйкат чечим чыгарган адамдарды жок кылганга жардам берген судья акыйкат чечим чыгарарына көзүм жетпей, ага ишенбөөчүлүк көрсөттүм.

– Парламентте отчёт берген башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовдун Садыр Жапаровдун ишин кайра башынан карап чыгууга каршыбыз деген пикири сотторго өкүм болуп калган жокпу?

– Азыркы соттор деле өз алдынча өкүм чыгара алышпайт. Саясий негизде соттолгон адамдардын баары саясий негиз менен бошотулуш керек. Мыйзам жолу менен десек, ал иштебейт. Камап жатканда эч бир мыйзамды карабай, каалагандай чечим кабыл алышат дагы, чыгарууга келгенде мыйзамды бетке тутуп калышат. Себеби, мыйзам бул учурда иштебейт, жөн гана шылтоо болуп берет. Мына, биздеги адилеттүүлүк. Мыйзамсыз камалдыбы, аны саясий чечим менен чыгарса туура болмок.

– Атамбаев өзү каматкан Садыр Жапаровдун иши кайра каралышына каршы эместигин билдирди. Анын бул оюн Жапаровдун адвокаты кандай түшүндү?

– Атамбаев өзү бийликте турган учурда соттор туура эмес чечим чыгарганын азыр жон териси менен сезип жатат. Өзүнүн азыркы абалын билип туруп, Жапаров, Текебаевдин иши акыйкат каралсын дегенге мажбур болууда. 23-апрелдеги сот отуруму коомчулукка ачык болгондуктан, менин талаптарым туура экенин, отурумга төрагалык кылуучу Лепес Темирбеков мыйзамдын талаптарын бузганын эки судья туура деп тапты.

– Атамбаевди президент болуп туруп укпады, билген эмес дегенге кошулгандай болуп жатасыз го? Жапаров абакта кескиленип, кансырап жатканын президент уккан эмес дейсизби?

– Мен Атамбаев уккан эмес, билбеген дегендерге кошулганым жок. Тескерисинче, ошондой сөздөрдү айтып, бүгүн Атамбаевди гумандуу көрсөткүсү келип жаткандарга күлкүм келип жатат. Атамбаев Жапаровдун ишин, абакта кандай негизде жатканын укпады деген нонсенс. Президент болуп турган кезде өзү “Жапаров бийликти басып алууга аракет кылган” деп айтып жүрбөдү беле.

– Жапаров менен Текебаевдин тарапташтары «Атамбаев камалсын» деген ураан менен чыгып жатышат. Атамбаевди камоого далилдер жетиштүүбү?

– Атамбаевди камоого 100 пайыз далилдер, мүмкүнчүлүктөр бар. Аны камоо же камабай коюу бүгүнкү бийликтин колунда.

Булак: “Жаңы Ордо”

Эгерде сайттан катачылык тапсаңыз, текстти тандап, Ctrl+Enter баскычтарын басып, бизге жөнөтүнүз