Апрель айындагы референдумдан кийин Кыргызстанда шайлоочулардын саны 80 720га көбөйдү. Бул туурасында Борбордук шайлоо комиссиясы билдирди.

Алдыдагы парламенттик шайлоого карата Санариптик өнүктүрүү министрлиги тарабынын шайлоочулардын алдын ала тизмеси түзүлүп, “Тизме” мамлекеттик порталына жарыяланган.

Ага ылайык, шайлоочулардын саны 3 686 921ди түздү. Анын ичинен эркектер – 1 766 898, аялдар – 1 920 023. Шайлоочулардын тизмесин тактоо иштери 19-сентябрдан 12-ноябрга чейин жүргүзүлөт.

Тизмеде бар-жогун шайлоо участкасына барып, tizme.gov.kg сайты аркылуу, 1255 же 119 номерине чалып же 119 номерине паспортунун персоналдык идентификациялык номерин көрсөтүү менен СМС жөнөтүп билүүгө болот. БШК эгер адам өзүн добуш берүүчүлөрдүн катарынан таба албаса, 12-ноябрга чейин шайлоо участкасына арыз жазууну сунуштайт.

Ошондой эле “Тизме” порталындагы “Шайлоочунун кабинети” сервиси https://tizme.gov.kg/voter_cabinet.xhtml аркылуу электрондук форматта да жаза аларын белгиледи. Бул үчүн авторизациядан өтүү талап кылынат.

Парламенттик шайлоодо добуш берүү укугуна ээ болгон жарандардын акыркы тизмеси 18-ноябрда жарыяланат.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.