Бүгүн 10- январь өлкөбүздө дагы бир тарыхий күн.
Президентти шайлоо жана өлкөнүн башкаруу формасын тандоо боюунча референдум өтүп жатат.
Алгачкы эки саатта тизмедеги жалпы шайлоочулардын 3 пайызга жакыны гана добуш беришкен.
Албетте бул абдан төмөн көрсөткүч.
Ага себеп кычыраган кыштын суугу.
Анткен менен саат ондон кийин күн жылып, түшкө жакын шайлоочулардын активдүүлүгү башталмакчы.
Эң башкысы шайлоо тынч өтүүдө.

Шайлоочулар добуш берүүдө

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.