Президент Сооронбай Жээнбеков «Кыргыз Республикасынын Президенти жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына кол койду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Аталган конституциялык Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2020-жылдын 18-июнунда саясий партиялардын Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешине өтүүсү үчүн 9% шайлоо тосмосун 7%га түшүрүү максатында кабыл алынган.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.