Борбордук шайлоо комиссиясы парламенттик шайлоого 244 маалымат каражаттарын жана интернет басылмаларын аккредитациялады. Бул тууралуу аталган комиссиядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 152 маалымат каражаты, 92 интернет басылмасы аккредитациядан өттү. Жумушчу топтун сунушу парламенттик шайлоодо жалпыга маалымдоо каражаттарын жана интернет басылмаларын аккредитациялоо боюнча үгүт жүргүзүү эрежелери эске алынган.

Быйыл Жогорку Кеңешке 90 депутат шайланып келет. Анын 54ү партиялык тизме менен, 36сы бир мандаттуу шайлоо аймагынан.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.