Парламенттик шайлоого бюджеттен 592 миллион 531 миң сом кетет. Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына караганда, бул каражат шайлоо тилкелеринде иштеген кызматкерлердин айлыгы, байланыш кызматтарына, транспортко, канцелярдык товарларды сатып алууга жана чет өлкөдө добушканаларды ачууга жумшалат.

Өлкөдө парламенттик шайлоо 28-ноябрга белгиленген. Жогорку Кеңеш 90 депутаттан турат, беш жылдык мөөнөткө шайланат. 90 депутаттын 54ү партиялык тизмеден, 36сы бир мандаттуу аймактардан шайланып келет.

Шайлоого катышуу ниетин билдирип Боршайкомго 75 партия арыз тапшырган. Ушул тапта БШК бир мандаттуу округдардан өзүн көрсөткөн талапкерлердин арыздарын кабыл алып жатат. Учурда алардын саны 12ге жетти.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.