Алдыда боло турчу Жогорку Кеңешке шайлоодо саясий партиялар жана бир мандаттуу округдардан катышуучу талапкерлер үчүн шайлоо күрөөсүнүн суммасы айтылды. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова маалымат жыйында билдирди.

Айтымында, бир мандаттуу округдан көрсөтүлгөн талапкер 100 миң сом күрөө төгөт. Пропорционалдык система боюнча шайлоого талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партиялар үчүн күрөөнүн көлөмү 1 миллион сомду түзөт.

28-ноябрда Кыргызстанда Жогорку Кеңештин депутаттарына шайлоо болот. Өлкөдө аралаш шайлоо системасы киргизилүүдө. Депутаттар партиялык тизме боюнча жана бир мандаттуу округдардан шайланат.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.