Бишкек шаардык кеңешине шайлоого катышуу ниетин билдирген саясий партиялардын саны 17-февралга карата онго жетти. Бишкек шаардык Аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Кайрат Маматов билдиргендей, шаардык кеңештеги мандаттар үчүн ат салышарын “Кыргызстандын элдик-демократиялык партиясы”, “Патриот” жана “Социал-демократтар” партиялары да билдиришти. Ага чейин “Улуу журт”, “Бүтүн Кыргызстан”, “Эмгек”, “Ата Мекен”, “Легалайз”, «Ыйман нуру» жана «Жашылдар партиясы» шайлоо комиссиясына маалымдама беришкен.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.