Америкалык студент 12 метрлик мунарадан кулап, көз жумду.

22 жаштагы студент университетти бүтүрүүгө бир нече апта калганда окуу жайдын мунарасына чыгып, селфи жасамак болгон. Тилекке каршы, анын бул аракети кайгылуу окуя менен аяктаган. Бул туурасында чет элдик басылмалар жазып чыкты.

Опубликовано Fordham University Понедельник, 14 января 2019 г.

Сидни Монфрис аттуу студент  кыз Нью-Йорктун керемет көрүнүшүн сүрөткө түшүрүү үчүн Фордем университетинин 12 метрлик мунарасына чыккан. Соцтармактагы баракчасына сүрөт жүктөгөн соң, кокустан кулап кеткен. Ал алган жараатынан улам ооруканада каза тапкан.

Опубликовано Sydney Monfries Вторник, 3 апреля 2018 г.

Маркум кыз журналистика кесибине ээ болуп, май айында диплом алуу алдында турган. Окуу жайдын жетекчилиги анын дипломун ата-энесине тапшырууну чечкен.

 

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.