УКМКнын тергөө абагында жаткан коомдук, саясий ишмер Каныбек Осмоналиев үй камагына чыкты.

Саясатчы Садыр Жапаровго боштондук талабы менен өткөрүлгөн соңку митингде модераторлук кылгандыгына байланыштуу камакка алынган болчу. Анткени митингдин аягында белгисиз адамдар тарабынан чагым уюштурулуп, ээн баштык менен башаламандык болуп кеткен.

Каныбек Осмоналиевдин ден соолугу кескин начарлап кеткендиктен, сот үй камагына чыгаргандыгын адвокат Шарабидин Токтосунов билдирди.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.