Кара-Суу районунун Савай айыл өкмөтүнүн башчысы Мунарбек Сайпидиновго Кылмыш жаза кодексинин 320-беренесиндеги кылмыш белгилери боюнча иш ачылып, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы менен кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттен кабарлашты. УКМКнын маалыматына караганда, Савай айылындагы мектептин спорт залын курууда аткарылган жумуштун көлөмү 1 миллион сомдон ашык суммага ашыкча көрсөтүлгөнү аныкталган. Ошондой эле спорт залдын курулушу сапатсыз абалда колдонууга берилген. Мындан тышкары, Ош шаарында жана Ош облусунда ар кандай кылмыштарды жасагандыгы үчүн уюшкан топ түзүү фактысы тергелип жатат. Мунарбек Сайпидинов бул иште күбө катары өтүүдө. Учурда айыл башчы УКМКнын убактылуу кармоочу жайында. Тергөө иштери жүрүүдө.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.