Сауд Арабияда бир жумадан бери нөшөрлөп жааган жамгырдан келип чыккан сел апаатында 5 киши каза тапты.

Жергиликтүү жарандык коргонуу топторунун маалыматына караганда, өлкөдө нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен  кишилер каза болуп, теректер, жол чырактар кулап, айрым жолдордо транспорт каттоо жабылган.

Сауд Арабиянын жергиликтүү медиасына караганда акыркы 20 жылда мындай катуу жамгыр жааган эмес. Мекке, Медина, Рияд, Хаил, Эш-Шаркия, Асир, Эл-Баха жана Эл-Жевф шаарларында 28-октябрдан бери жамгыр нөшөрлөп жаап жатат.

Метеорология жана чөйрөнү коргоо башкармалыгы да шаар тургундарын жана конокторун ыңгайсыз аба шарттарына карата этият болууга жана тышкары чыкпоого эскертүү берүүдө.

 

 

Эгерде сайттан катачылык тапсаңыз, текстти тандап, Ctrl+Enter баскычтарын басып, бизге жөнөтүнүз