Экс-премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев 18-сентябрда кардиологияга жаткырылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Идрис Кадыркулов кечээ, 19-сентябрда Жогорку Кеңеште депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып билдирди.

Кадыркуловдун айтымында, УКМКнын терөө абагында жаткан жарандардын ден соолугуна комитет кунт коюп көңүл бурат.

Жантөрө Сатыбалдиев дүйшөмбү күндөн бери медициналык кароодо жүрүп, кечээ, шейшемби күнү өзүнүн дарыгеринин  көзөмөлү менен кардиологияга жаткырылды.Ал эми мурунку энергетика министри Осмонбек Артыкбаев бир аз ооруп, 3 жума кардиология борборуна жатып дарыланган. Анын жүрөгүнө операция жасалып,  учурда ал өзүн жакшы сезип жатат. Анын абалы жакшырды.

Кадыркулов камактагылардын ал-абалын Омбудсмен институтунан, депутаттар жана убактысы болгондо өзү да барып сурап турарын белгиледи.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.