Categories 
Сапар Исаков суракка чакырылды
Мурдагы премьер- министр Сапар Исаковду УКМКга суракка чакырышты. Бул тууралуу Исаков өзү Фейсбуктагы баракчасына жарыялады.
Анда жазылгандай, суракка күбө катары чакырылган.
Ал эми УКМКдан мурдагы премьер-министр Бишкек ЖЭБин модернизациялоо боюнча ачылган кылмыш ишинин негизинде сурак берээрин билдиришти.
Маалым болгондой, сурак бүгүн саат 15:00дө болот.
Булак: NewTV