Кыргызстандын ИИМнин Россия Федерациясындагы Өкүлчүлүгү Россиянын укук коргоо кызматкерлери менен биргеликте жүргүзүлгөн ыкчам-издө иш-чараларынын жүрүшүндө Ош облусунун Кара-Суу районунун 1981-жылы туулган А.Ж. аттуу тургуну кармалган. Ал Санкт-Петербург шаары жана Ленинград облусу боюнча “Смотрящий” болгон. Аны менен кошо Ош облусунун Алай районунун 1987-жылы туулган Э.А. аттуу жаран кармалган. Ал жогорудагы “Смотрящий” адамдын жакын кишиси болгон, криминалдык чөйрөнүн адамдарынын бири. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди.

Кыргызстандын ИИМнин РФдеги Өкүлчүлүгүнүн маалыматы боюнча кармалган жарандар УКТнын биринин активдүү мүчөсү катары каттоодо турат. 2019-жылдын 30-апрель күнү соттун токтому менен кармалган жарандарга карата Санкт-Петербург шаарындагы тергөө абагына эки айга камакка алуу чарасы тандалды.

Азыркы учурда кылмыштуу топтун мүчөлөрүнүн колунан жабыр тарткандардын өздүгүн тактоо, андан сырткары ушул сыяктуу кылмыш иштерине тиешеси бар кылмыштуу топтун башка мүчөлөрүн аныктоо боюнча тиешелүү иш-чаралар жүрүп жатат.

Эгерде сайттан катачылык тапсаңыз, текстти тандап, Ctrl+Enter баскычтарын басып, бизге жөнөтүнүз