Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Бакировдун демилгеси менен Базар-Коргон районунун Ооган-Талаа айылында «Билим берүүнү санариптештирүү» деген темада «тегерек стол» өткөрүлдү. Бул тууралуу  Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы билдирди.

Алыскы айылдарда мугалимдердин жетишпегендиги, окутууга ылайыктуу шарттардын аз болуп жатканы, жаңыланган доордо болуп жаткан маалыматтан алыс калуу окуучулардын жетишерлик билим алуусуна тоскоол болууда. Базар-Коргон районунда 65 орто мектеп бар. Салыштырмалуу алганда шаардагы окуучуларды мындай кой, райборбордогу билим берүүнүн деңгээли айылдардыкына караганда кыйла жогору. Айылдык окуучулар жогорку окуу жайларга тапшырууда 110 баллдык чектен өтө албай калган учурлары абдан көп.

Мына ушул жагдайды жеңилдетүү максатында Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Бакиров Бишкектеги №5 Улуттук компьютердик гимназия менен Кызыл-Үңкүр айылындагы Ташиев атындагы орто мектептин ортосунда онлайн режиминде карым-катнашын камсыз кыла турган пилоттук долбоорду ишке ашырууну демилгелеп келет. Бишкекте туруп Кызыл-Үңкүрдө сабак өтүү жолун табышкан. Алгачкы сабактар өткөрүлгөн. Келечегинде бул тажырыйбаны бүткүл республиканын мектептерине жайылтса болот.

Эгерде сайттан катачылык тапсаңыз, текстти тандап, Ctrl+Enter баскычтарын басып, бизге жөнөтүнүз