ШКУнун саммитине келген өлкө жана өкмөт башчлар кандай учактар менен келгендиги жалпыга эле кызык болсо керек. Биз өкмөттүн басма сөз кызматы жарыялаган сүрөттөр топтомун жыйнап, лидерлердин жана алардын аба кемелеринин сүрөттөрүн жайгаштырдык.

Өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков ШКУнун саммитине келген лидерлерден Орусиянын президенти Владимир Путин менен Кытайдын төрагасы Си Цзиньпинди өзү тосуп алды. Путин ИЛ-96 учагы менен келсе, Си Цзиньпин Air China компаниясынын Boeing 747-800 үлгүсүндөгү аба кемеси менен келди.

ОРУСИЯ

Россиянын президенти Владимир Путин кечке жуук ИЛ-96 учагы менен келип конду. Аны президент Сооронбай Жээнбеков өзү тосуп алды. Аэропорттон эле мамлекет башчыларынын эки тараптуу жолугушуусу болду.

КЫТАЙ

Шаршемби күнү түштөн кийин президент Сооронбай Жээнбеков Кытайдын төрагасы Си Цзиньпинди тосуп алды. Ал Кыргызстанга мамлекеттик иш сапар менен келди. Төрага Кытай өкмөтүнө таандык Air China компаниясынын Boeing 747-800 үлгүсүндөгү аба кемеси менен конду.

Ал эми премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевди, Монголиянын президенти Халтмаагийн Баттулганы, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевди, Беларусиянын президенти Александр Лукашенкону, Ирандын президенти Хасан Руханини, эң соңунда келген Тажикстандын президенти Эмомали Рахмонду тосуп алды.

ӨЗБЕКСТАН

Мирзиёев Uzbekistan Airways компаниясынын Boeing 767-300 үлгүсүндөгү учагы менен келди.

Ал эми коңшу өлкөлөрдүн ичинен биринчи болуп Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев келип түштү. Аны Манас аба майданынан өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев тосуп алды. Өзбекстандын лидери Uzbekistan Airways компаниясынын Boeing 767-300 үлгүсүндөгү учагы менен келди.

МОҢГОЛИЯ

Баттулга Mongolian Airlines компаниясынын Boeing 737-800 үлгүсүндөгү учагы менен келди.

Чет элдик коноктордун эң алды болуп шаршемби күнү эртең менен Монголиянын президенти Халтмаагийн Баттулга Манас аба майданына келип түштү. Ал президент катары расмий сапары менен Кыргызстанга биринчи жолу келүүдө. Халтмаагийн Баттулга Mongolian Airlines компаниясынын Boeing 737-800 үлгүсүндөгү учагы менен келген. Аны премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев тосуп алды.

КАЗАКСТАН

Токаев Airbus A321-211(CJ) үлгүсүндөгү аба кемесин пайдаланган.

Андан көп өтпөй эле Бишкекке Казакстандын жаңы шайланган президенти Касым-Жоомарт Токаевдин учагы конду. Ал президент катары чет өлкөгө жасалган алгачкы иш сапары Кыргызстанга болду. Аны премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев тосуп алды. Казакстандын өкмөт жана мамлекет башчыларын ташыган улуттук компанияга таандык төрт учагы бар. Токаев бул сапарында Airbus A321-211(CJ) үлгүсүндөгү аба кемесин пайдаланган.

БЕЛАРУСИЯ

Boeing 767-300 үлгүсүндөгү учак менен Лукашенко келди.

Түштөн кийин президенттер биринин артынан бири келип жатты. Белоруссиянын президенти Александр Лукашенконун Boeing 767-300 үлгүсүндөгү учагы келип конду. Белоруссиянын башчысын аэропорттон премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кабыл алды.

ИРАН

Ирандын башчысы Airbus A340-300 үлгүсүндөгү аба кемесин айдатып келген.

Шаршембиде кечинде Иран өлкөсүнүн президенти Хасан Рухани келип түштү. Аны да премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев тосту. Ирандын башчысы Airbus A340-300 үлгүсүндөгү учак менен келгени белгилүү болду.

ТАЖИКСТАН

Эмомали Рахмон Somon Air компаниясына таандык Boeing 737-800 үлгүсүндөгү учак менен келип конду.

Акыркы болуп 14-июнда эртең менен Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон келди. Аны да премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев тосуп чыкты. Ал Somon Air компаниясына таандык Boeing 737-800 үлгүсүндөгү учак менен келип конду. Тажик президентинин маалымат кызматынын айтымында, Рахмон жеке учак сатып алуудан баш тартып келет, себеби бул мамлекетти кошумча чыгымга учуратат.

Вице-премьер-министр Замирбек Аскаров Пакистандын премьер-министри Имран Ханды, Индиянын премьер-министри Нарендра Модини, Ооганстандын президенти Мохаммад Ашраф Ганини тосуп алды.

ПАКИСТАН

Имран Хандынын Gulfstream G450 үлгүсүндөгү учак менен келгени белгилүү болду.

Ал эми Пакистандын премьер-министри Имран Ханды вице-премьер Замирбек Аскаров тосуп чыкты. Анын учагынын үлгүсү Gulfstream G450 экени белгилүү болду.

ИНДИЯ

Модинин учагы Boeing 747-400 үлгүсүндөгү аба кемеси.

Андан соң Индиянын премьер-министри Нарендра Моди келди. Ал да Монголиянын ажосу сыяктуу Кыргызстанга расмий сапар жасады. Моди Boeing 747-400 үлгүсүндөгү аба кемеси менен келди. Индиянын премьер-министрин аба майдандан кесиптеши Мухаммедкалый Абылгазиев тосуп чыкты.

ООГАНСТАН

Эртеси бейшембиде келчү коноктордун ичинен биринчи болуп түшкө маал Афганистандын президенти Араф Гани Boeing 737-300 учагы менен келип конду. Ал ШКУга мүчө мамлекеттердин саммитине байкоочу катары катышат. Афганистандын мамлекет башчысын вице-премьер Замирбек Аскаров тосуп алды.

 

Белгилей кетсек, Бишкекте Шанхай кызматташтык уюмунун саммити болуп өттү.

 

 

 

Эгерде сайттан катачылык тапсаңыз, текстти тандап, Ctrl+Enter баскычтарын басып, бизге жөнөтүнүз