Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери ЭККМК менен бирдикте Чүй облусунун Жайыл районундагы рейддик иш-чаралардын жүрүшүндө акциздик маркасы жок тамеки продукциясын мыйзамсыз сатуу учурун аныкташты.

МСКнын басма-сөз кызматынын билдиргенине караганда, натыйжада 1 миң 19 таңгак тамеки тартып алынган. Тиешелүү материалдар жана тартып алынган тамеки продукциясы мыйзамга ылайык карап чыгуу жана чараларды көрүү үчүн ЭККМКга өткөрүлүп берилди.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.