Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, экс-башкы-прокурор Аида Салянова фейсбуктагы баракчасы аркылуу коомчулукка кайрылуу жазып, колдоо көрсөткөндөргө ыраазычылык билдирген.

“Мен 73 күн камакта Атамбаевди коргогонумдан, ага жан тартканымдан отурган жокмун. Ал ага татыксыз. Менин камакта болгонумдун бир эле себеби бар — мен эч качан коррупцияга катышкан эмесмин. Азыр мага коюлган күнөөгө дагы тиешем жок. Ушунча убакыт чындык жеңет деп күттүм. Мен мурда айткан сөздөрүмдөн кайткан жокмун. Тергөө ага түшүнүү менен мамиле кылды, — дейт экс-депутат.

‌Салянова операцияга даярданып жаткандыктан бир канча убакытка чейин коомчулук менен байланышта боло албай турганын кошумчалаган.

Ал ошондой эле өзүнө колдоо көрсөт бардык мекендештерге терен ыраазычылык билдирген.

Урматтуу мекендештер, туугандар! ‌Сиздердин ак батаныздар менен бугун кызымды кучактап отурам! Колдоо…

Опубликовано Аида Салянова Четверг, 15 августа 2019 г.

 

Эске сала кетсек, кечээ 15-августта Бишкектин Биринчи май райондук соту Аида Салянованын баш коргоо чарасын карап, үй камагына чыгарды.

Аида Салянова «мыйзамдагы ууру» Азиз Батукаевдин бошотулушу боюнча тергөөнүн алкагында камакка алынып, сот аны 26-августка чейин камакта кармоо чечимин чыгарган эле.