Бүгүнкү өткөн президенттик шайлоодо шайлоочулар Садыр Жапаровго абдан чоң ишеним артып 79 пайыздан көп добуш беришти.
Чындыгында мындай жогорку көрсөткүч күтүлгөн күтүүсүздүктөй эле болду.
Шайлоонун таза өтүшү катышкандардын жалпы саны 35 пайызды араң чапчыганынан эле көрүнүп турат. Форма 2 деген балээнин жок болгондугу туура чечим экендиги да ырасталды.
Мурдагы шайлоолордогудай акча таратылбай таза өткөн алгачкы шайлоо болду.
Референдум биздин өлкөгө парламенттик башкаруу жакшылык алып келбегендигин бышыктады.
Андыктан шайлоочулардын 82 пайызы президенттик башкаруу формасын колдоп добуш беришти.
Эми элдин ушунчалык бийик колдоосуна ээ болгон жаңы бийлик элге астейдил адал кызмат кылуусу зарыл!
Ишеним кредити кыска убакытта акталбаса да жакшы иштердин башталышы зарыл!
Эл Садыр Жапаровдон укмуштарды күтүп жатат.
Бүгүкү шартта эл күткөн шумдуктуудай бурулушту жасоо өтө оор жана татаал.
Элдин жашоо шартын, өлкөнүн экономикасын жакшыртуу абдан оор маселе.
Эң башкысы мурдагы президенттердин оркойгон каталарын кайталабай, андан чоң сабак алуусу абзел.
Антпесе жеке өзүнө эле эмес, ага ишеним көрсөткөн элге да убал болот.
Аллах ынсап берсин!

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.