Кыргыз Республикасынын президенттигине шайланган Садыр Жапаров өлкө башчысы катары алгачкы расмий сапарын боордош Казакстанга баруудан баштаарын айтты.
Анын мындай максаты коңшу өлкөнүн башчысы Касымжоомарт Токаев менен телефон аркылуу сүйлөшүү учурунда айтылды.
К. Токаев Жапаровду президенттикке шайланышы менен куттуктап, телефон аркылуу сүйлөшкөндүгү расмий кабарланды.
Адатта биздин мурдагы президенттер алгачкы расмий сапарын Орусияга баруудан баштагандары салтка айланып калган болчу.
Садыр Жапаров эски салтты бузуп, бир тууган коңшу өлкөгө аттанары абдан жакшы жөрөлгө болгону калды.
Туура кылат.
Тышкы саясатка да жаңыча жүз берүү жаңычылдыкты айгинелейт.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.