Бүгүн, президент Сооронбай Жээнбеков отставкага кетүү чечимин кабыл алганын жарыялады. Баш мыйзам боюнча анын милдетин Жогорку Кеңештин төрагасы, эгер болбосо премьер-министр аткарат деп жазылган.

Жаңы шайланган Жогорку Кеңештин төрагасы Канат Исаев президенттин милдетин аткаруудан баш тартканын  өкмөт башчы Садыр Жапаров аянтка чогулган элдин алдына чыгып сүйлөгөндө билдирди.

“Президенттин жана премьер-министрдин ыйгарым укуктары мага өттү”, — деп айтты С. Жапаров.

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КОНСТИТУЦИЯСЫНЫН
Кыргыз Республикасынын Президенти жөнүндө жазылган мыйзамдын үчүнчү бөлүмүнүн 68-беренесинин 1-пунктунда.

1. Ушул Конституцияда көрсөтүлгөн себептер боюнча Президент өз ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтоткон учурда жаңы Президент шайланганга чейин анын ыйгарым укуктарын Жогорку Кеңештин Төрагасы аткарат. Президенттин ыйгарым укуктарын Жогорку Кеңештин Төрагасы аткарууга мүмкүн болбогон учурда Президенттин ыйгарым укуктарын Премьер-министр аткарат.
Мөөнөтүнөн мурда Президентти шайлоо Президенттин ыйгарым укуктары токтотулган күндөн тартып үч айлык мөөнөттө өткөрүлөт.
2. Президенттин ыйгарым укуктарын аткарып жаткан кызмат адамдары Жогорку Кеңешке мөөнөтүнөн мурда шайлоо дайындоого, Өкмөттү кызматтан кетирүүгө укуксуз.

деп так жазылган.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.