Садыр Жапаровдун ишин кароо Жогорку Сот тарабынан  5-июнь күнү, күндүзгү саат эки жарымга калтырылды. Соттун ишин жылдырылышына соттордун биринин ооруп, келбей калганына байланыштуу болгон.

Бул жагдайды ал жердегилер коомчулукта резонанс жаратып, бир-эки ай мурда жарыяланган соттук отурумга соттордун биринин келбей калышын сынга алып, “чогулгандарды сыйлабастык” катары баалады. Жаңы президент келгенден кийин “сот акыйкат карайт” деген үмүт пайда болуп жаткан.

С. Жапаровдун сотуна байланыштуу борборубуздун эски аянтына жана Жогорку Соттун алдында саясатчынын бир нече тарапкерлери чогулган. Алар соттон ишти акыйкат кароону, Жапаровго боштондук берүүнү талап кылышты.

Садыр Жапаров 2013-жылы 7-октябрда Караколдогу митингди уюштуруп, ошол кездеги губернаторду барымтага алуу боюнча айыпталып кармалып,  Бишкектин Биринчи Май райондук соту былтыр он бир жыл алты айга күчөтүлгөн тартиптеги абакка кескен. Шаардык сот да аны колдоп чечим чыгарган.

Эгерде сайттан катачылык тапсаңыз, текстти тандап, Ctrl+Enter баскычтарын басып, бизге жөнөтүнүз